Нарын районуна караштуу Ат-Башы айылында дары чөптөрдү жана чөптөн жасалган инфузияларды чыгаруучу жаңы цехтин ачылыш аземи болду.

Ачылыш аземге Нарын облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов, Ат-Башы районунун акими Жакыпбек Субагожоев, «Дордой» ассоциациясынын президенти Аскар Салымбеков, Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Рима Апасова катышты.

Жаңы цех мурдагы биолог Дамира Кампабекованын демилгеси менен ачылды, ал «Дордой Дары» ЖАКтын аталган дары чөптөрдөн дары чыгаруучу цехтин азыркы жетекчиси. 20 миллион сомго заманбап жабдуулар алынган.

Жаңы цехте дары чөптөрдөн дарылардын 29 түрү чыгарылат. Ишкана эл аралык сертификатка ээ жана жакынкы келечекте продукциясын экспортко сатууну пландаштырууда.

Д.Кампабекованын айтымында, Нарын тоолорунун деңиз деңгээлинен үч, төрт миң метр бийиктикте өсүүчү «Алтын Тамыр» дары чабыгы өзүнүн дарылык касиети боюнча кытайлык «женьшеньден» эч кандай кем калышпайт. Жайкы сезондо бул цехте 60 адам иш менен камсыз болсо, кышкысын 15 адам иштейт.

Дары-дармектердин таңгактары толугу менен кагаздан жасалып, цехте чыгарылган бардык продукция органикалык таза болот. Пакеттерде колдонуу эрежелери үч тилде жазылат: кыргыз, орус жана англис тилдеринде.

 

Медиа булагы:

https://kabar.kg/news/v-naryne-otkryli-sovremennyi-tcekh-po-proizvodstvu-lekarstvennykh-trav-i-travianykh-sborov/