Айыл чарба министрлиги жана Италиянын Айыл чарба техникасын өндүрүүчүлөр федерациясы FederUnacoma өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту.
Айыл чарба министрлигинин маалыматы боюнча, документ айыл чарбасын механикалаштыруу, заманбап айыл чарба технологияларын киргизүү, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана Кыргызстандын агроөнөр жай комплексин модернизациялоо жаатында кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган.
Тараптар айыл чарба тармагын техникалык жактан модернизациялоо, айыл чарбасын санариптештирүү жана айыл чарба техникасын биргелешип өндүрүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.
Жолугушуунун катышуучулары Кыргызстан менен Италиянын ортосундагы айыл чарба тармагындагы кызматташтыкты андан ары кеңейтүүгө, тажрыйба алмашууга жана тармакты өнүктүрүү үчүн заманбап чечимдерди ишке ашырууга кызыкдар экенин билдиришти.
Андан тышкары, Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясы жана FederUnacoma өзүнчө меморандумга кол коюшту. Документ уюмдардын ортосундагы өнөктөштүктү чыңдоо жана тажрыйба алмашуу үчүн негиз түзөт.
Булак: https://economist.kg/agriculture/2026/07/11/italyanskie-agrotehnologii-kyrgyzstan/
