Нарын облусунда Соода-өнөр жай палатасы тарабынан уюштурулган “Кыргыз шырдагы” этнофестивалы өттү. Иш-чаранын максаты – элдик чыгармачылыкты жана руханий салттарды кеңири жайылтуу, дүйнө жүзүндөгү адамдар менен тажрыйба алмашуу жана кыргыз маданиятын өркүндөтүү.

Фестивалга республиканын бардык аймактарынан өкүлдөр, ошондой эле БАЭ, Өзбекстан, Казакстан, Ооганстан, Түркия жана башка өлкөлөрдөн келген коноктор катышты. Иш-чарага 300дөн ашык чет элдик туристтер жана ишкерлер катышты. Этнофестивалдан кийин сынак өткөрүлүп, жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды.

Фестивальдын алкагында илимий конференция, элдик кол өнөрчүлөр үчүн мектептерди түзүү, автордук укук жана кол өнөрчүлүктү санариптештирүү боюнча талкуулар өттү. Мындан тышкары, улуттук спорт оюндары, Нарын шаарындагы Алма Бак паркында көркөм өнөр жарманкеси, элдик чыгармачылык боюнча чеберчилик сабактары, улуттук ашканалардын көргөзмөсү жана чет элдик коноктор үчүн туристтик маршруттар уюштурулду.

 

Медиа булагы: https://cci.kg/news/1/4055.html